super.kg logo

Эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалымдалгандай, 7-апрелден 10-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Бишкек – Ош унаа жолунун:

- 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда;

- 198-250-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында;

- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

"Урматтуу айдоочулар! Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Ал эми кырсык катталган учурда 112 кызматына чалууну унутпаңыз! Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: