Баткенде буту сынып тоодо калып калган жаран куткарылды



Бүгүн, 7-апрелде Сүлүктү шаарындагы тоодо буту сынып, өз алдынча келе албай калган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Издөө-куткаруу иштерине №52 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, саат 08:05те чыгып кетишкен. Анын аты-жөнү такталып, 54 жаштагы Э.Ж. аттуу жаран экендиги аныкталган.
Куткаруучулар жогоруда аты аталган жаранды тоодон алып түшүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.