super.kg logo

Жалал-Абадда каза болгон эки милиция кызматкеринин өлүмүнүн себеби айтылды

 

Жалал-Абадда каза болгон эки милиция кызматкеринин өлүмүнүн себеби айтылды. Алардын бири жол кырсыгынан каза болгон болсо, экинчиси оорудан улам көз жумган. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон кызматкер милициянын старшинасы 1986-жылы туулган У.К. экени белгилүү болду.

Ал кечээ, 6-апрель күнү Бишкек-Ош унаа жолунунун 38-чакырымында жол кырсыгына кабылган. Ал өзүнүн Фольксваген Вента үлгүсүндөгү унаасы менен Ош багытын көздөй бара жатып, чукул бурулуштан башкарууну жоготуп, жолдон чыгып кеткен. Ал жолдун четиндеги даракты сүзүп, окуя болгон жерде мерт кеткен.

Ал эми экинчи милиционер 27-март күнү кызматын аткарып жүрүп, кесиптештерине өзүн жаман сезип, жүрөгү ооруп жатканын айткан. Саат 22:00 чамасында үйүнө барып, дары ичкен. Бирок кусуп, кыйналганына байланыштуу тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген. Ал 28-марттын таңында саат 04:50 чамасында ооруканада каза болуп калган. Анын кант диабетинен улам көз жумганы белгиленди.

Ал милициянын капитаны 1983-жылы туулган Д.И. экени айтылды. Ал ички иштер органдарында 2004-жылдан бери эмгектенип келген. Артында 4 баласы калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: