Камчыбек Ташиев чатырда жашап жаткан 5 балалуу энеге үй куруп бермей болду




УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Октябрь айылында чатырда жашаган 5 балалуу энеге үй куруп берет. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Буга чейин социалдык тармактарда Чүй облусунун Октябрь айылында Айзада Абдуллаева аттуу 5 балалуу эненин үй-жайы жок болгондуктан бирөөнүн короосуна чатыр тигип жашап жатканы тууралуу маалымат чыккан. Жергиликтүүлөр жалгыз бой көп балалуу апага жардам берүү керектигин суранышкан.
Камчыбек Ташиев бүгүн аталган айылга барып, Айзада Абдуллаева менен жолугуп, маселесин тактап, чечим кабыл алды. Эми тез арада Айзада Абдуллаевага аталган айылдан жер тилкеси бөлүнөт жана Камчыбек Ташиев тарабынан жашоо үчүн бардык шарттары бар жаңы турак-үй курулуп берилет.
Буюрса, жакынкы убакта бул үй-бүлө өзүнүн менчик үй жайына ээ болот. Ага чейин дагы Камчыбек Ташиев тарабынан тийиштүү колдоо көрсөтүлүп турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

18:43
2025-07-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Мунарбек

08.04.2023. 23:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Альхамдулилла!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.