super.kg logo
  Спорт  

Азия чемпиондугу: Бүгүн Акжол Махмудов баштаган 5 кыргыз балбаны күрөшөт (тизме)

 

Бүгүн, 9-апрелде коңшу Казакстандын борбору Астана шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алат.

Бүгүн күрөштүн грек-рим түрү боюнча мелдештер башталат. Бүгүнкү мелдеште Кыргызстандын 5 балбаны килем үстүнө чыгат.

55 килограмм салмакта Сардарбек Конушбаев индиялык Рупин Рупин аттуу балбан менен кез келет.

63 килограмм салмакта Дастан Кадыров даггы индиялык Нираж Нираж аттуу балбанга каршы килем үстүнө чыгат.

77 килограмм салмакта Акжол Махмудов дагы килемге чыгат. Ал алгачкы жүрүшүн 1/4 финалда баштайт. Акжол Махмудов бул баскычта снгапурлук жана түркмөнстандык балбандардын жеңүүчүсү менен кез келет.

Ошондой эле 87 килограмм салмакта Атабек Азисбеков дагы бүгүн күрөшөт. Анын алгачкы атаандашы түштүк кореялык балбан болот.

130 килограмм салмакта Роман Ким дагы бүгүн килемге чыгат. Ал жарым чейрек финалда алгачкы жүрүшүн баштайт жана атаандашы япониялык Сигео Окумура аттуу балбан болот.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:30да башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: