super.kg logo
  Спорт  

UFC: Эң ылдам нокауттун ээси карьерасын жыйынтыктады

 

Америкалык UFC мушкери Хорхе Масвидаль Майамиде өткөн "UFC 287" турниринде бразилиялык Гилберт Бёрнске утулуп калгандан кийин спорттон кеткенин жарыялады.

Масвидаль менен Бернстин беттеши үч бөлүккө тең созулуп, калыстар бир добуштан бразилиялык мушкерди жеңүүчү деп табышты. Бул 38 жаштагы америкалык мушкердин катары менен төртүнчү жеңилүүсү болду.

"Кечиресиздер, майнап чыгара алган жокмун. Бүгүн менин акыркы беттешим, мындан ары UFC'де мушташпайм", - деп айтып, мээлейин чечип, октагондун ортосуна койду Масвидаль.

Масвидаль UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону үчүн эки жолу беттешкен, бирок эки жолу тең Камару Усманга жеңилип калган.

Ал мекендеши Бен Аскрен менен болгон беттеште атаандашын 5 секундда нокаутка учураткан. Бул UFC уюмунун тарыхындагы эң тез нокаут.

Ал жалпы 35 жеңишке жетип, 17 жеңилүү ызасын тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: