super.kg logo

Эртең Бишкектин кээ бир аймактарында таза суу берилбейт (Тизме)

 

Эртең, 11-апрелде Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында таза суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" мекемесинен кабарлашты.

Маалымдалгандай, өчүрүү «Гагарин», «Түштүк-Батыш» суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

Саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө суу берилбейт: Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковский, Т.Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү, Жумушчулар шаарчасы, Айыл чарба институту, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштары (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы), Теңир-Тоо конушу (Ахунбаев көчөсүнүн төмөн тарабы).

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алуусун суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: