super.kg logo

ИИМ банктык карталарды колдонууда шылуундардан этият болууну эскертет

 

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы банктык карталарды колдонууда ар кандай акча операцияларын жүргүзүүдө этият болууну эскертет. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, алдамчылык чабуулдардын курмандыгы болуп калбаш үчүн алардын ыкмаларын жакшы билиш керек. Алар:

- Пайда алуу максатында аккаунттарды бузуп, тааныштар аркылуу кат жөнөтүү. Киберкылмышкерлер почтага же социалдык тармактарга баракчанын ээсинин туугандарына жана досторуна тез арада акча каражатын которуу өтүнүчүн жазып, ар кандай кырдаалдарды ойлоп табышат.

-Кайрымдуулук, туроператорлор же авиакомпаниялардын жасалма веб-сайттары. Колдонуучуларга оорулуу баланы дарылоо үчүн тез арада акча чогултуу зарылчылыгы, ар кандай жолдомолор үчүн өтө арзан баалар, чет элдик банк эсебине же электрондук капчыкка акча которуу өтүнүчү сыяктуу эскертүүлөр келип турат.

- Пайдалуу киреше сунуштары. Алчы таасын жеген алдамчы жумуш берүүчүлөр билимди талап кылбаган алыс аралыкта иштөөнү сунушташат. Уюштуруучулук муктаждыктарын төлөө үчүн алдын ала акча каражаты талап кылынат. Адам акча которуп бүтөөрү менен эле жасалма уюм жок болот.

Каражаттын жоголушуна алып келген шектүү транзакция же программалык камсыздоонун бузулушу жөнүндөгү “банктык коопсуздук кызматынан” чалуулар аз эмес. Эсепти калыбына келтирүү жана акчаны кайтаруу үчүн аларга жеке маалыматтар, карта номери керек делет.

Акчаны жоготпоонун эң оңой жолу - байланыштарыңызда жок белгисиз номерлердин чалууларына жооп бербөө. Эгерде чалган адам сиз менен чындап эле маанилүү маселе боюнча байланышуусу керек болсо, ал сиздин телефон номериңизди колдонуп, сизди мессенджерлерден таап же SMS жөнөтө алат.

"Эгерде сиз чалууга жооп берип, сиз менен "банктын адиси, коопсуздук кызматы" сүйлөшүп жатканын билсеңиз, андан ары сүйлөшүү үчүн банкка кайра чалаарыңызды айтыңыз. 99 пайыз учурларда банктын веб-сайтынан же дебеттик/кредиттик картадан номерлерге чалып, алдамчылар сизге телефон чалганына ишенесиз.

Алдамчылардын айла-амалдарына кабылбаш үчүн, белгисиз адамдар тарабынан жөнөтүлгөн шектүү шилтемелерине кирбеңиздер, эч качан эч кимге банк картасынын номерин жана паролун бербеңиз, жеке маалыматтарды ачыкка чыгаруудан алыс болуңуз" дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: