super.kg logo

Прокуратура көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна мыйзамсыз документ даярдагандарга иш козгоду

 

Бишкекте көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушуна тийиштүү уруксат документтерди мыйзамсыз даярдап берген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Башкы прокуратурадан кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Бишкекбашкыархитектура”, “Кадастр” Бишкек филиалынын жана Мамлекеттик экспертиза департаментинин жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, шаар куруу жана жер участогуна болгон укук күбөлөндүрүүчү документтерине атайылап жалган маалыматтарды жана кадастрдык пландарына мыйзамсыз өзгөртүү киргизишкен.

"Аталган кызмат адамдары “А.С” курулуш компаниясынын кызыкчылыктарын көздөп, Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушуна тийиштүү уруксат документтерди даярдап беришкен.

Натыйжада курулуштун тыгыздыгынын, жашоо-тиричилик чөйрөсүнүн, инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктуранын сапатынын ченемдик деңгээли камсыз кылынбай, шаар куруу ишин башкаруу жана контролдоо чөйрөсүндө мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: