super.kg logo

Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына карата виртуалдык сүрөт көргөзмөсү ачылды

 

Кыргыз коммунисттер партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына карата виртуалдык сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, экспозицияда Кыргыз Республикасынын президентинин архивинин, коомдук-саясий документтердин Борбордук мамлекеттик архивинин, Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтер архивинин, Борбордук мамлекеттик архивинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын документалдык материалдары коюлган.

Көргөзмө сегиз бөлүктөн турат. Алар: Абсамат Масалиев 1960-1970-жылдардын башында, борбордун мэри, Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы, партиянын Ысык-Көл облустук комитетинин биринчи секретары, Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы, парламенттик ишмердиги, сыйлыктары жана элдин эсинде.

Көргөзмө 1960-жылдан 2013-жылга чейинки аралыкты камтыйт.

Көргөзмөгө бул шилтеме аркылуу кирүүгө болот.

Белгилей кетсек, мындан туура 90 жыл мурун, 1933-жылы 10-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук-саясий ишмер Абсамат Масалиев Баткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу Алыш айылында туулган.

Ал 1953-жылы Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун, андан кийин Москвадагы Тоо-кен институтун, кийин эки жылдык Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Тоо-кен инженери болуп иштеп жүрүп, кийинчерээк коммунисттик партиянын жооптуу кызматын аркалаган.

"Кыргызкөмүр" трестинин участогунда жетекчинин жардамчысы, шахтанын башкы инженеринин орун басары, тресттин башкы инженеринин жардамчысынан баштап, Кыргыз коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин (БК) өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысынын орун басары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы кызматына чейин бир топ мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген.

1985-жылдан тарта Кыргыз коммунисттик партиясын жетектеген Абсамат Масалиев 1930-жылдарда жазыксыз куугунтукталып, жөн жерден атылып кеткен мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин кайра акталышы үчүн чоң салым кошкон. СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылышынын депутаты болгон. Октябрь революциясы, 2 Эмгек Кызыл-Туу, II даражадагы "Манас" ордени жана медалдар менен сыйланган. Ал 1995-жылдан баштап Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Абсамат Масалиев 2004-жылы 31-июлда жүрөк оорусунан улам 71 жашында дүйнө салган.

10-апрелге карата жылнаама .






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: