super.kg logo

Ошто 56 жаштагы ата өз уулунан бычак жеп каза тапты

 

Ошто өз атасын бычактап өлтүргөн 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Ош ШИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-апрель күнү саат 10:20 чамаларында Ош шаарында убактылуу жашап турган, Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын тургуну өз атасы менен чырдаша кетип, атасынын көкүрөк тушуна жанында салып жүргөн бүктөмө бычагы менен эки ирет сайып жиберген. Натыйжада шектүүнүн 1967-жылы туулган атасы окуя болгон жерде каза болгон. Кылмыш ишинен соӊ уулу милицияга өзү кабар берген.

Маркум ошол күнү өзү жашаган Папан айыл аймагынан баласынын убактылуу жашап турган Ош шаарынын Алымбеков көчөсүндөгү үйүнө келген. Шектүү катары кармалган уулунун берген көрсөтмөсүнө караганда экөө теӊ мас абалында болушкан. Ал 1997-жылы туулган мурда 2 жолу соттолгон.

Аталган кылмыш ишинин алкагында соттук-биологиялык, соттук-наркологиялык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: