super.kg logo

Жардыруудан каза болгон Татарскийди акыркы сапарга узатууга аялы кайтаруу менен келди (фото)

 

Санкт-Петербургдагы кафелердин бириндеги теракттан каза болгон аскер комиссары Владлен Татарскийдин (Максим Фомин) сөөгү Москвада жерге берилди. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Татарскийди акыркы сапарга узатууга миңдеген адам келген жана алардын баары текшерүүдөн өткөрүлүп, көрүстөнгө киргизилди. Маркумдун аялын автоматчан күзөтчү кызматкерлер коштоп келген. Ошондой эле анын аялы жүзүн жаап алган.

Айрым маалыматтарга караганда Владлен Татарскийдин артында үч баласы калды.

2-апрелде Санкт-Петербургдун борборундагы кафелердин биринде жарылуу болгон. Окуянын кесепетинен аскер адамы Владлен Татарский (чыныгы аты-жөнү - Максим Фомин) каза болуп, 30дан ашык адам жаракат алган.

Бул кылмышка шектүү катары Дарья Трепова аттуу кыз аныкталып, Орусиянын ички иштер министрлиги Треповага издөө салган. Тергөө ал кафеге жардыргыч зат салынган статуэтканы алып келгенин айтты.

Кийинчерээк Трепова Санкт-Петербург шаарындагы батиринен кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.04.2023. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайгы.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: