super.kg logo

Окурман: "Үйдүн документи жок кызыма паспорт ала албай жатам"

 
Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну кайрылды. Ал турак жайынын кызыл китеби жок болгондуктан кызына документ алууда убаракерчилик тартып жатканын кеп кылды.
"Президенттин жер мунапысы боюнча жарлыгына ылайык, көчө жерлерге кызыл китеп алышыбыз керек эле. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү трансформация жүрөт, кызыл китеп берилет деп 2-3 ай мурун паспортторубузду алып каттоодон өткөрүшкөн. Эми андан жыйынтык жок. Анткени 2004-жылы туулган кызыма алигиче жарандык ала албай жатабыз.
Паспорт берүү бөлүмүнө барсак жашаган жериңердин кызыл китеби жок экен, паспорт берилбейт деп жөнөтүшкөн. Мен өзү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын катарындамын. Пенсия албайм. Башкасын айтпай эле коёюн кызыма жарандык алуу үчүн ушунча убаракерчилик тартабызбы?" дейт окурман.
Тургун Кызыл-Өзгөрүш айылына караштуу Чеч-Дөбө айлындагы Т.Боргемиков көчөсүндө жашаарын кошумчалап өттү.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.04.2023. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жардам алууга үмүттөнөбүз.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: