super.kg logo

Министр Улан Ниязбеков Кытайдын министринин орун басары менен жолукту. Талкууланган маселелер

 

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун Кытайдын Коомдук коопсуздук министринин орун басары Ду Ханьвэй менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Улан Ниязбеков Ду Ханьвэйге бүгүнкү иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул жолугушуу Ички иштер министрлиги менен Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин бекем эки тараптуу кызматташтыктын уландысы экенин белгиледи.

“Кызматташтык мезгилинде элчилик тарабынан ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө потенциалын күчөтүүгө олуттуу салым кошулду. Айрыкча, материалдык-техникалык жактан көмөк көрсөтүү боюнча бир топ жакшы мамилелер түзүлгөн. Мындан тышкары, биз Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги менен кызматташтыктын жогорку деңгээлине жеткенибизди чоң кубаныч менен белгилейбиз”, - деди өз сөзүндө Улан Ниязбеков.

Улан Ниязбеков белгилегендей, бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуулук, экстремизм жана наркотрафик менен күрөшүү бир мамлекеттин аракети менен дээрлик жеңилгис экенин белгиледи. Алар менен күрөшүү көптөгөн өлкөлөрдүн, өзгөчө чек арага чектеш жана коңшу мамлекеттердин укук коргоо органдарынын биргелешкен, макулдашылган аракеттерин талап кылат.

“Биздин мамлекеттер үч “жамандык күчтөрүнө" - эл аралык терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге, ошондой эле киберкылмыштуулукка, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка жана наркотрафик коркунучуна каршы күрөшүүдө кызматташуу маселелери боюнча бирдиктүү позицияларга ээ", - деди Улан Ниязбеков.


Өз кезегинде, министрдин орун басары Ду Ханвэй мырза эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын ортосундагы достук кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары Ду Ханвэй өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даярдыгын ырастады, ошондой эле эки өлкөнүн министрликтеринин кызматташтыктын өнүгүүсүнүн оң динамикасы баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө пикир алмашуу болуп, тиешелүү маселелер талкууланды. Ошондой эле кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары чыңдоо маселелери каралды. Эки тарап тең укук коргоо органдарынын учурдагы кызматташтыгынын деңгээлин жогору баалашты жана аны андан ары өнүктүрүү ниетин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.04.2023. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wow.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: