9:0. Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет Азия чемпиону болду
Бүгүн, 10-апрелде коңшу Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери уланууда.
Азия чемпиондугуна 60 килограмм салмакта катышкан Жоламан Шаршенбеков өз салмак категориясында финалга чейин жеткен.
Финалда кыргыз балбаны түштүк кореялык Хэнжи Чунг аттуу балбан менен кез келди. Жоламан Шаршенбеков түштүк кореялык балбанды беттештин биринчи бөлүгүндө эле эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Жеңишинен кийин Жоламан Шаршенбеков жеке машыктыруучусу Хаким Махмудовду килемге чакырып, машыктыруучусу экөө Кыргызстандын желегин желбиретишти.
Муну менен Жоламан Шаршенбеков катары менен экинчи ирет Азия чемпиону болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
jam77

10.04.2023. 21:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен аны укканыма абдан кубанычтамын.....
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.