Ош шаарында “Куран айы – куттуу Орозо” аттуу Куран жарышы болуп өттү




Ош шаарынын борбордук “Имам аль-Бухари Алай” мечитинде Куран жарышы өткөрүлдү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара кечээ, 10-апрелде “Ассалам” кайрымдулук фондунун демөөрчүлүгү менен Ош шаардык мусулмандарынын казыяты тарабынан уюштурулду.
"Жарыш шаар деңгээлинде өткөрүлүп, ага медресе студенттери жана шаар тургундары катышты. Куран жарышы жалпы 30 пара боюнча өткөрүлүп, катышуучуларга суроолор чүчү кулак аркылуу берилди. Үч кишиден турган калыстар тобуна Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков, КИУнун түштүк аймагындагы окуу борборунда сабак берип келген мисирлик Устаз Умар жана “Имам аль-Бухари Алай” мечитинин имамы Улукбек кары Эрмектов кирди.
Жарыш жеңүүчүлөрүнө акчалай байгелер жана дипломдор тапшырылды. 1-орунга 50 миң сом, 2-орунга 30 миң сом, 3-орунга 20 миң сом коюлган конкурста калыстар тобунун чечими менен 3-орун упайлары бирдей болуп калган Билалиддин Гапиров менен Абдулхади Убайдулла уулуна ыйгарылса, 2-орунду Шавкатжан Салиев ээледи. Ал эми 1-орунду Бексултан Абдраим уулу жеңип алды", - деп айтылат маалыматта.
Конкурстун жыйынтыктоочу бөлүгүндө Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек Токтомушов катышуучуларга ийгилик каалап, келечекте дүйнөлүк Куран жарыштарды багындырууну тилеп, жеңүүчүлөрдү кызуу куттуктады.
