"Бишкекасфальтсервис" кызматкерлерди издейт (талаптар)
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы кызматкерлерди издейт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде мэриядан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жумуш издөөчүнүн жанында резюмеси болушу шарт. Маектешүү иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Хвойная көчөсү, 70 дарегинде өтөт.
Ишканага төмөнкү адистер талап кылынат:
Инженер-сметчик
- 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
- соттолгон эмес;
- кесиптик билими;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иш тажрыйбасы же административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен адистиги боюнча иш тажрыйбасы;
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- компьютер ж.б. техникаларды колдонуу, керектүү программарды билүү;
- тиешелүү чөйрө боюнча билимдүү жана көндүмдөр;
- кесиптик билими бар экендиги белгиленген формадагы документ.
Ошондой эле 1 "Камаз" айдоочусу керек
- 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
- В-С категориясындагы айдоочулук күбөлүк, тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес;
- так жана жоопкерчиликтүү.
10 жол жумушчулары
- 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
- тажрыйбасы бар кесипкөй жумушчулар;
- жаман адаттары жок;
- ишке так жана жоопкерчиликүү;
- нормаларга жана талаптарга ылайык иштерди аткаруу.
Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү телефонго кайрылыңыз: 996 312 377 717.



