Тоңдо аз камсыз болгон 61 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар берилди




Ысык-Көл облусунун Тоң районунда аз камсыз болгон 61 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.
Эмгек, социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, бул активдүү чара кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана жакырчылыктан чыгууга багытталган.
"Өткөн жылы социалдык контракт сыяктуу активдүү чаралардын аркасында биз жумушсуздардын санын 5 пайызы кыскарта алдык. Муктаж үй-бүлөлөр жеке ишкерлер категориясына өтүп, кирешелүү бизнес ачып, өздөрүнүн жыргалчылыгын жогорулатууда. Быйыл 10 миң үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түзүүдө. Үч жылдын ичинде алардын саны 26 миң үй-бүлөгө жеткирилет", - деп белгиледи ал.
Мындан тышкары Полотова мамлекет менен социалдык келишим түзгөндөр окуудан жана эки этаптуу тандоодон өтөөрүн кошумчалады.
"Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча бардык каражаттар чакан ишкана ачууга жумшалды" деди Полотова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.