Садыр Жапаров Азия чемпиондугунда жеңишке жеткен балбандарды куттуктады

"Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында спортчуларыбыздын бир тобу байгелүү орундарга ээ болгонуна кыргыз эли сүйүнүп, бири-бири менен кубанычтарын тең бөлүшүүдө.
Бул кубанычты тартуулагандар: алтын байге ээлери — Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков жана алтынга тете күмүш алган Үзүр Жусупбеков, коло байге ээлери — Роман Ким, Раззак Бейшекеев жана Адилхан Нурланбеков.
Бул да болсо кыргыз спорту өнүгүп жатканынан кабар берет. Балбандарыбызды бул жеңиши менен жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм!
Ошону менен бирге алдыда килем үстүнө чыгып, өлкө намысын коргой турган кыздарыбызга ийгиликтерди каалап кетмекчимин", - деген өлкө башчысы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.