super.kg logo

Бишкекте кардарлар менен веб-моделдерди байланыштырып турган вебкам студия табылды (фото)

 

Бишкекте кардарлар менен веб-моделдерди байланыштырып турган вебкам студия табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында компьютердик клуб катары иштеп келген белгилүү бир “студиянын” дареги аныкталып, ал жерди ыкчам кызматкерлер текшерүүгө алган. Документтер боюнча бул дарек жубайларга катталган. Үйдүн 1-кабатындагы чоң бөлмөдөн 8 компьютер, дагы бир бөлмөдөн 10 компьютер табылган. Андан сырткары, 2-кабатта жана жер төлөдө компьютер бар экендиги аныкталган.

Бул мекемеде болжол менен 20-25 жаштагы азиат түспөлүндөгү 7-8 жигит котормочу болуп иштеп жүргөн. Алар модель менен потенциалдуу кардардын ортосундагы ортомчулар экени такталган.

Ошол эле учурда компьютердин бет маңдайында отурган веб-моделдер менен сайттарга кирген кардарлар башка шаарда, атүгүл башка өлкөдө болушу мүмкүн. Бул учурда операторлор кошулуп, котормочу болуп, веб-моделдин ордуна келгендер менен видео чатта баарлашып жүрүшкөн. Кардарды азгырып, көбүрөөк төлөп берүү да котормочулардын негизги милдети экени маалым болду.

Жумушчулардын айтымында, бул турак жайдын ижара акысы ай сайын 700 долларды түзөт. Учурда иликтөө иштери уланууда. Жалпысынан көрсөтүлгөн даректен 30 компьютер табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: