Бактияр Токторов: "Супер-Инфо" да, биз да элге кызмат кылып жүрө берели"
7-8-декабрь күндөрү Бишкекте өткөн "Супер концерт-2012де" "Биз" тобу "Заманыбыздын супер тобу" сыйлыгына арзыганынан кабарыңыз бар чыгар. Сыйлык тапшыруу аземинен кийин топтун жетекчиси Бактияр Токторов кубанычын жашырган жок. "Бул сыйлык биз үчүн күтүлбөгөн белек болду. "Супер-Инфонун" ушинтип таланттарды колдоп, духун көтөрүп, дем-күч берип жатканына ыраазычылык билдиребиз. Негизи, биздин 20 жылдык тарыхыбызда сыйлыктарыбыз саналуу гана. Адашпасам, "Заманыбыздын супер тобу" 3-сыйлыгыбыз. "Супер-Инфо" да, биз да элге кызмат кылып жүрө берели",- деди ырчы мырза.
Автор: Базарбек Абдураимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
esenbekov
11.12.2012. 14:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыздар! "Биз" тобуна дагы дагы ийгиликтерди каалайм. Быйылкы концертиниздер сонун болду ырахат алып чыктык баарыбыз. "Биз" тобу супер топ экенин откондогу концерти далил боло алса керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















