Бишкекте журналист жана жазуучу Баратбай Аракеевди эскерүү кечеси болду






Бүгүн, 11-апрелде Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, журналист жана жазуучу Баратбай Аракеевди эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада болду. Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, академик Абдылдажан Акматалиев, адабият, маданият ишмерлери, журналисттер жана шакирттери катышты.
Анда катышуучулар Баратбай Аракеевдин журналисттик жана жазуучулук өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, эскерип өтүштү.
"Баратбай Аракеев журналистиканын бардык тармагында өзүн сынап көргөн. Телекөрсөтүүлөрү абдан көрүмдүү келип, гезитке чыккан макалалары колдон колго өтүп окулуп, окурмандар ал иштеген гезиттин ар бир санын күтүп окушчу. Анын калеми гана курч болбостон мүнөзү да курч болчу. Чындык, акыйкаттык үчүн эч нерседен тайманбаган, хандан-бектен жалтанбаган баатыр мүнөз инсан эле", - деп эскеришти катышкандар.
Эске салсак, Баратбай Аракеев 2022-жылы 72 жашында дүйнө салган. Ал "Кайырылчы өмүр", "Чаӊдагы гүл", "Айсалкын", "Мен сага өлүм алып келем", "Мент", "Менин жазым", "Түбөлүккө кеткен жол", "Боронбайдын көр дүйнө" жана башка китептердин автору.
