Бишкектеги Бажы кызматынын алдында митинг өттү



Мамлекеттик бажы кызматынын алдында текстиль тармагында иштеген логистикалык компаниялардын өкүлдөрүнүн митинги болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.
Митингге чыккандар Бажы кызматы бир гана "Милан Групп" компаниясынын кызыкчылыгын коргоп жатканын айтышты.
"Бажы тарифтери баарына бирдей болушу керек, баары бир компаниянын пайдасына эмес, мамлекеттин кызыкчылыгына иштеши керек. Мыйзам тандап эмес, бардыгына иштеши керек. Парламентте айрым депутаттар бул маселени да көтөрүштү. Бажы кызматы жеңилдик кылып, бирок кийин маселе көмүскөдө калды. Анын ишмердүүлүгүнөн мамлекетке келтирилген зыян 500 миллион сомго жетет", - дешти митингдин катышуучулары.
Бажы кызматы азырынча бул митинг боюнча үн ката элек.


