super.kg logo

Үзүр Жусупбековдун талаштуу жеңилиши: Акылбек Жапаров калыс ката кетиргенин айтты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров балбан Үзүрбек Жусупбековдун Азия чемпиондугунда алтын эмес, күмүш медалга ээ болушуна калыстын катасы себеп болгонун айтты.

Ал бүтүндөй өлкө улуттук курама командага жан үрөп жатканын жана калыстын катасынан чемпионатта күмүш алган Үзүрбек Жузупбеков баш болгон спортчулары үчүн катуу тынчсызданып жатканын белгиледи.

“Биз бардык спортчуларыбыз менен чексиз сыймыктануудабыз. Чемпионаттын алгачкы күндөрү бизге жети медаль алып келди. Бул эң сонун башталыш! Мелдештерде чемпиондук үчүн күрөшө элек калган спортчуларыбызга ийгилик жана жеңиш каалайм”, - деген Акылбек Жапаров бардык кыргызстандыктар “эркин күрөшчүлөрдү” жана балбан кыз-келиндерди колдой турганын кошумчалады.

Кечээ, 10-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалында кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков ирандык Мехди Валихамзеде аттуу балбанга талаштуу түрдө жеңилип калган.

Беттеш аяктаарына 25 секунд калганда Үзүр Жусупбеков атаандашын 4:4 эсебинде жеңип жаткан. Эч нерсе кыла албай калганын билген ирандык балбан өзү Үзүр Жусупбековду башы менен сүзүп, атайын симуляция жасап, жерге чекесин кармап жыгылды.

Мындан улам калыстар Үзүр Жусупбековду эреже бузду деп эсептеп, ирандык балбанга 2 упай беришти. Жыйынтыгында ирандык балбан симулияция жасоо менен Азия чемпиону болуп кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.04.2023. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wow..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: