super.kg logo

"Өзгөрүлдү". Криштиану Роналдунун аялы Жоржина Родригести бир туугандары сынга алышты

 

Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналдунун жубайы чуулгандуу окуяга кабылды. Анын бир туугандары Жоржина Родригести сынга алып, күйөөсү Роналдуга кайрылышты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, моделдин эжеси жана байкеси бир тууганы атактуу футболчу менен мамиле кургандан кийин аларды карабай кеткенин айтышкан.

"Мен Жоржинадан эч качан акча сураган эмесмин. Болгону балдарым үчүн жардам сурадым. Мага акчанын кереги жок, мен жөн гана ага балдарым окуган мектептин телефон номурун бергем, ал чалып балдарыма керектүүлөрдү алып бермек. Бирок мен анын жардам берүүсүн дагы деле күтүп жатам", - деген Жоржина Родригестин эжеси.

Ошондой эле ал уулунун туулган күнүндө бир тууганынан Криштиану Роналдунун кол тамгасы түшүрүлгөн футболкасын дагы сураганын айтты. Бирок Жоржина Родригес аны дагы аткарган эмес.

Ошондой эле Жоржина Родригестин байкеси дагы карындашына нааразычылыгын билдирген. Ал карындашын окуп жүргөндө бардык керектүүлөрү менен камсыз кылганын, карындашы Роналду менен таанышкандан кийин эле аны менен мамилесин үзгөнүн билдирген.

Жоржина Родригес "Мен Жоржинамын" аттуу документалдык тасмада бир туугандары менен мамилеси абдан жакшы экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.04.2023. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге..
12.04.2023. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керектуулору деген соз кыргыз тилинде ушунтип колдонот бекен. Муктаждыктары деген созду колдонуу керек да. Кыргыз тилин бузуп буттунор го, мектепти бутрдунор беле???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: