super.kg logo

Кыргызстанда бир күндө 11 миңден ашык бала 1-класска кабыл алынды

 
Өлкөдө 10-апрелден 11-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 11 миң 47 бала кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында жазылат.
Кабарга ылайык, бала бакчага жана мектептерге кабыл алуу маалыматтык система аркылуу жүргүзүлдү.
11 миң 47 баланын ичинен:
  • 119 бала – жеңилдик менен,
  • 10 миң 928 бала – жеңилдиксиз кабыл алынган.
Аймактар боюнча бөлүнүшү:
  • Бишкек шаарына 2 миң 580 бала;
  • Жалал-Абад облусунан – 1 миң 748 бала;
  • Чүй облусунан – 1 миң 653 бала;
  • Ош облусунан – 1 миң 529 бала;
  • Ысык-Көл облусунан – 1 миң 316 бала;
  • Баткен облусунан – 1 миң 287 бала;
  • Талас облусунан – 406 бала;
  • Нарын облусунан – 367 бала;
  • Ош шаарынан – 161 бала кабыл алынды.
Эскерте кетсек, 10-апрелде балдарды 1-класска электрондук каттоо башталган болчу. 2023-2024-окуу жылына карата өлкө боюнча 1-класска 186 миң 201 квота каралган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: