Азия чемпиондугу: Бүгүн Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат
Бүгүн, 12-апрелде спортчу Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпиондугунда килемге чыгат.
Маалымдалгандай, балбан 62 килограмм салмак категориясында күчүн сынайт. Ал мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, алгач өзбекстандык Дильфуза Аимбетова менен күрөшөт.
Ал эми буга чейин аталган мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча кыргызстандык спортчулар Айпери Медет кызы күмүш, Калмира Билимбекова коло медаль тагынган.
Белгилей кетсек, Азия чемпиондугу Астана шаарында 9-апрелде башталган болсо 14-апрель күнү жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.