super.kg logo

Кыргызстанда Яндекс Go такси кызматы жолго чыккандарды камсыздандырууну ишке киргизди

 

Кыргызстанда Яндекс Go такси кызматынан колдонгондор менен айдоочулардын өмүрүн жана ден соолугун камсыздандыра турган программа иштей баштады. Төлөнө турган кенемте 800 000 сомго чейин жетет. Бул суммага айдоочу менен катар эле унаада бара жаткан жүргүнчүнүн коопсуздугу камсыздандырылат.

«Мыйзам онлайн кызмат көрсөткөндөрдү камсыздандыруу системасын киргизүүгө милдеттендирбейт. Бирок биз үчүн бардык сапарларды камсыздандыруу менен кошо аны акысыз жасап берүү маанилүү. Бул боюнча камсыздандыруу компаниясы менен биргеликте атайын программа иштеп чыктык. Ал Кыргызстандын бардык шаарларындагы биздин сервистин колдонуучулары үчүн жеткиликтүү. Буга чейин өлкөдөгү такси кызматтарынын бири да мындай кылган эмес», - дейт Яндекс Go компаниясынын Кыргызстандагы жетекчиси Тилек Сулайманов.

Камсыздандыруу программасы сервистин колдонуучулары жана айдоочулары үчүн толугу менен акысыз болот. Программаны колдоо боюнча бардык чыгымдар аталган кызматтын эсебинен жабылат. Яндекс Go кызматы аркылуу буюртма бергендердин баары камсыздандыруу программасынан колдоно алат. Ал айдоочу жолго чыкканын ырастаган убакыттан тарта сапар аяктаганга чейин иштейт. Камсыздандыруу төлөмдөрү анча чоң эмес болгондо да, олуттуу зыянга учураганда да берилет.

Кырсык болгон учурда жүргүнчүлөр жана айдоочулар тиркеме аркылуу Яндекс Go колдоо кызматына кайрылуусу зарыл. Алар сапарды камсыздандырган компания менен байланышып, андан ары эмне кылуу керектиги боюнча көрсөтмөлөрдү алышат.

Жолдо жүрүүнү камсыздандыруу сервис иштеген гана шаарларда жарактуу: Бишкек, Ош, Каракол, Жалал-Абад, Токмок, Кара-Балта.

Программа тууралуу кененирээк сайттан окуй аласыз:

- https://go.yandex/ky_kg/lp/insurance (кыргызча версиясы)

- https://go.yandex/ru_kg/lp/insurance (орусча версиясы)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: