super.kg logo

Казакстанда ооз ачарга барган дарыгерлер массалык түрдө ууланышты

 

Казакстандын Актау шаарында дарыгерлер массалык түрдө ууланышты. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 10-апрелде Актау шаарындагы ресторандардын биринде ооз ачуу өткөрүлүп, ага райондордун жана шаардын медицина кызматкерлери чакырылган. Ооз ачарга жалпы 50 адам чакырылып, алардын ичинен 16 адам уулануу белгилери менен ооруканага кайрылган.

Мангистау облустук жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Гульбану Нуржанованын айтымында, ооруканага кайрылган бейтаптардын абалы учурда жакшы.

"Ооруканага жалпы 16 адам кайрылып, 10 бейтап ооруканага жаткырылды. Бейтаптардын дене табы көтөрүлүп, кусуп уулануу белгилери менен кайрылышкан. Учурда анализдердин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Бейтаптардын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок. Ууланган дарыгерлердин көбү ичи ооруганын айтып даттанышууда", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: