super.kg logo

Бөлтүрүктүн иши: Мамлекетке келтирилген зыяндын 80 пайызы кайтарылды

 

Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында баш прокурор Курманкул Зулушев "Кумтөр голд компани" ишканасындагы финансылык мыйзам бузуу боюнча кылмыш иши кайсы стадияда турганын билдирди.

Белгиленгендей, компаниядан 1 миллиард 146 миллион 449 миң сомдук мыйзам бузуу аныкталган. Зулушев бүгүнкү күндө анын 830 миллион 826 миң сому өндүрүлүп, мамлекетке кайтарылганын айтты.

Баш прокурор кылмыш иштеринин тергөөсү созулуп жатканынын бирден бир себеби-зыянды ордуна коюу экенин белгиледи. Жакынкы арада иш сотко жиберилет.

Эскерте кетсек, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк былтыркы жылдын сентябрь айында Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ал коррупциялык иштерге шектелип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: