super.kg logo

Казакстанда эркек киши дүкөнгө баштыгын унутуп кеткен. Андан аял кишинин башы табылды

 

Казакстандын Турксиб районундагы Шолохов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун боюнан башы жок аялдын денеси табылды. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Бүгүн, 12-апрелде саат 8:40та Шолохов көчөсүндө кароосуз калган имараттын жанынан аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалымат тастыкталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу кароо жүргүзгөндө, аялдын башы кесилгени аныкталды. Ал эми анын башы соода түйүндөрүнүн биринен табылды. Маркумдун өздүгү тастыкталды. Ал 1976-жылы туулган туруктуу жашаган жери жок, мурун баңги заты боюнча бир нече жолу соттолгон аял болуп чыкты", - дейт полиция кызматкерлери.

Аталган факты боюнча Турксиб райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Андан сырткары, кылмыштын жагдайын аныктоого жана ачууга багытталган иш-аракеттер жүрүүдө.

Ушул эле күнү Алматы шаарындагы дүкөндөрдүн бирине эркек адам кирип, баштыгын дүкөнгө таштап, өзү чыгып кеткен. Сатуучу баштыкты көргөндөн кийин эшикке көтөрүп чыгып, бирок ээсин тапкан эмес. Баштыкты ачканда гана ал аял кишинин башын көргөн.

Учурда кылмышка шектүү кармала элек, ал издөөдө жүргөнү белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: