super.kg logo

Башкы прокурор: "Чет өлкөдө соттолгон кыргызстандыктардын алтымышы мекенине алып келинди"

 
Чет өлкөдө соттолгон кыргызстандыктардын 60ы мекенине алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңеште башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Анын айтымында Кыргызстандын 1280 жараны чет өлкөдө соттолгон, анын 1072си Орусиянын абактарында отурат.
Башкы прокурор өз сөзүндө Орусиянын Башкы прокуратурасынын, Жогорку сотунун жана Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу федералдык кызматынын жетекчилиги менен соттолгон кыргызстандыктарды өз мекенине өткөрүп берүүнү макулдашканын билдирди.
Ал белгилегендей, биринчи кварталда 15 кыргызстандык которулган.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында өткөн жылдагы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурордун отчёту каралууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: