super.kg logo

Бишкекте уурдалган Range Rover унаасынын Ошто прокурордон табылышы: Курманкул Зулушев бул боюнча үн катты

 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Бишкекте уурдалган Range Rover унаасынын Ошто прокурордон табылышы боюнча үн катты.

Бүгүн, 12-апрель күнү Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор бул ишти Башкы прокуратуранын ички иликтөө кызматы ошол эле күнү тактаганын айтты.

"Учурда Ички иштер министрлиги бул иш боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат, жыйынтыкталгандан кийин баа берилет. Биздин кызматтык иликтөөнүн маалыматында, түнкү саат 01:00-02:00 чамасында Түркиядагы жакын досу байланышып, “ушул унаамды үйүңө токтотуп турчу” деп суранган экен. Телефон сүйлөшүүлөр тастыкталды. Эгерде тергөөдөн күнөөсү далилденсе, эч кандай жазадан кутулбайт”, - деди Зулушев.

Эске салсак, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда эркек киши скотч менен оролуп талаага ыргытылган. Анын Range Rover унаасы Ошто прокурор Алмазбек Абжалиевден табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: