super.kg logo

"Мисс Казакстан" наамын жеңген 19 жаштагы кыз түнкү клубда чуулгандуу окуяга кабылды

 

Социалдык тармактарда " Мисс Казакстан-2022" наамынын мурдагы ээси Диана Ташимбетованын резонанстуу видеосу тарады.

Видеодо ал эркек адамдын алдына отуруп алып бийлеп жатканы көрүнөт. Казакстан коомчулугу муну кескин сынга алышууда.

Өз кезегинде Диана Ташимбетова бул видео тууралуу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады. Билдирүүсүндө ал видеону аны көрө албаган эл жакын адамдарынын бири тараткан деп эсептейт. Ошондой эле ал видеону тараткан кишилерди жакында сотко берерин дагы айткан.

"Ооба, видеону кимдир бирөө жайып жиберди, видеону ким жайганын болжолдуу билем. Видео менин эң жакшы досумдун туулган күнүндө тартылган. Ал жерде биз чакан чөйрөдө майрамдап, бийлеп жаттык. Бул сынакка чейин болчу. Бул жерде бойго жеткен эркектер эмес, баары 19 жаштан 22 жашка чейинкилер болчу. Мени жамандоо максатында видеодон баары өздөрүнө ылайыктуу кылып кесилген. Бул видеонун оригиналы менде бар, ал сотто ачыкка чыгат", - деген ал.

19 жаштагы Диана Ташимбетова бардык адам ката кетирерин кошумчалаган.

"Жаштык кээ бир каталарды кетирүүгө мүмкүндүк берет. Ар бирибиз жашоонун бул этабын өз жолубуз менен өткөрүп, жыйынтык чыгарабыз. Биз, баарыбыз тирүү адамдарбыз, анын ичинде мен дагы", - деп жазган ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: