super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев Германияда Темир Сариев менен жолугушту (фото)

 

2023-жылдын 11-апрелинде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германияга иш сапары менен келген Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жолугушууда германиялык компаниялар менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана Кыргызстандын экономикасынын түрдүү тармактарына инвестиция тартуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар Германияда Кыргыз Республикасынын СӨП өкүлчүлүгүн ачуу маселесин талкуулашты.

Андан соң элчиликтин көмөгү менен Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин аймактык директору Эдуард Кинсбрунер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Германиянын бизнес-коомчулугунун ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды. Анын ичинде кыргыз-герман бизнес форумун кыска мөөнөттө уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Тараптар кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгын кайра жаралуучу энергия булактары, туризм, айыл чарба, тоо-кен өнөр жайы багыттары боюнча өнүктүрүү зарылчылыгын колдошту.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев ушул эле жылдын жылдын апрель айынын аягында немис компанияларынын делегациясынын башында Кыргызстанга келе турган “Commit GmbH” компаниясынын башкы директору Геррит Шмиттер менен да жолугушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: