super.kg logo
  Спорт  

"Бүгүнкү күндүн Жаңыл Мырзалары". Президент Азия чемпиондугунда ийгилик жараткан спортчу кыздарды куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда байгелүү орундарды багындырган Айсулуу Тыныбекова баштаган спортчу кыздарды куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жапаров спортчу кыздар да күйөрмандардын купулуна толгон күрөш көрсөткөндүгүн билдирди.

"Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында өзүнүн эң мыктылыгын бешинчи ирет жеңүүчү болуп далилдеди.

Күмүш алган Айпери Медет кызын, коло медаль алган Калмира Билимбекованы чоң спорттогу бул ийгиликтери менен куттуктайм!

Сиздер бүгүнкү күндүн Жаңыл Мырзасысыздар. Силерге карап миңдеген сиңдилериңер спортко кызыгып, максат коё билүүнү үйрөнөт.

Албетте, Мээрим Жуманазарова баш болгон башка балбан кыздарыбыз багынта турган жеңиштер алдыда. Андыктан алар машыгууларына жаңы дем күч менен кайтып келет деп ишенебиз.

Учурдан пайдаланып спортчуларыбыздын машыктыруучулар курамына да ыраазычылык билдирем.

Ошону менен катар эртең килемге чыга турган эркин күрөш боюнча балбандарыбызга ийгилик каалайм", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: