super.kg logo
  Саясат  

"Сизди мактап жатам, эми Ысык-Ата районуна акча которуп коюңуз". Акбөкөн Таштанбеков банктын төрагасына кайрылды

 

"Мен сизди мактап жатам, эми Ысык-Ата районуна акча которуп коюңуз", - деди Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 13-апрелдеги жыйынында эл өкүлү Акбөкөн Таштанбеков "Айыл банк" ААКсынын төрагасына кайрылып жатып.

"Кыргызстандын дыйкандарынын көпчүлүгү Чүйгө көчүп келген. Ошон үчүн бул облуска 2 эсе көбөйткүлө. Башка облустарда киши калбай калды, кредитти кимге бересиңер? Айыл банктын төрагасына айткым келет, докладыңыз мага жакты. Бул жакта анча-мынчалар сизге "наезд" кылып жатпайбы. Ошондуктан Ысык-Атаны биринчи кылып коюңуз. Мен сизди мактап жатпаймынбы. Азыр жиниңиз менен банкка барып, Ысык-Атага 30 миллионду которуп жибериңиз. Макулбу? Эмнеге сизди жөн эле уруша беришет? Докладыңыз жакшы", - деди депутат.

Эскерте кетсек, учурда парламентте Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны жүрүп жатат. Анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев баш болгон мүчөлөрү айыл чарба багыты боюнча жасалган жумуштар, дыйкандарга бериле турган жеңилдетилген насыялар тууралуу маалымат берип жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: