super.kg logo
  Саясат  

Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев тартип жаза алды

 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев сексуалдык зомбулук тууралуу ачык айтып, кызматтык талаптарды толук аткарбагандыгы үчүн эскертүү түрүндөгү дисциплинардык жаза алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ички иштер министрлигинен тастыкташты.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Ногойбаевдин эфирде айткан сөздөрү боюнча текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө ички иштер органдарынын дисциплинардык уставынын, “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, ошондой эле ички иштер органынын ички иштер органынын кызматкеринин кесиптик этикасынын кодексинин талаптарын бузуулар аныкталган.

Жыйынтыгында Азамат Ногойбаевге эскертүү түрүндөгү дисциплинардык жаза берилген.

Азамат Ногойбаев 31-мартта Фейсбукта түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, шаарда өспүрүм кыздар зордукталган учурлар көп катталып жатканын, алардын арасында жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар бар экенин билдирген.

Анын билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратып, анын дарегине сын-дооматтар айтылган. Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы Ногойбаевдин айткандарына байланыштуу кызматтык териштирүү баштаганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: