Астана-2023: Дагы эки кыргыз балбаны коло байге утту

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Улукбек Жолдошбеков менен Орозбек Токтомамбетов коло медаль утушту.
Азия чемпиондугуна 65 килограмм салмакта катышкан Улукбек Жолдошбеков коло байге үчүн өзбекстандык Умиджон Жалолов менен кез келип, 2:2 эсебинде атаандашын жеңип, коло медалга ээ болду.
Ошондой эле 70 килограмм салмакта Орозбек Токтомамбетов дагы коло байге үчүн күрөштө ирандык Мортеза Чека аттуу балбанды утту.
Муну менен эркин күрөш боюнча балбандар бүгүн 1 күмүш, 2 коло байге утту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

