Ошто мурда 12 жолу соттолгон 41 жаштагы чөнтөкчү ууру кармалды

Аталган бөлүмгө буга чейин эки аял арыз менен кайрылып, коомдук жайларда өздөрүнө таандык болгон акча каражаттарын, документтерин жана уюлдук телефондорун белгисиз жаран уурдап кеткендигин айтышып, шектенген адамды түспөлдөп беришкен. Бул кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, Өзгөн районунун тургуну 1981-жылы туулган З.Ө аттуу жаранга издөө жарыяланган. Ал Ош шаарына келип, уурулук жасап турган.
2023-жылдын 12-апрель күнү бул кылмышка шектүү, мурда бир нече жолу соттолгон З.Ө. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө кызматы тарабынан уурулук боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.