Бишкекте Абадан коргонуу аскерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү







Бишкекте Абадан коргонуу аскерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара кечээ, 14-апрелде Куралдуу күчтөрдүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 97 632 аскер бөлүгүндө өттү.
Ага Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн колбашчысы Кылычбек Айдаралиев, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы катышты.
"Кылычбек Айдаралиев аскер кызматкерлерине кайрылып, бүгүнкү күндө Абадан кол салуудан коргонуу бөлүктөрүнүн өздүк курамы улуу муундун эр жүрөктүк салттарын татыктуу улантып, мамлекеттин аскердик коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча милдеттерди ийгиликтүү аткарып, күжүрмөн эрдикти ар дайым өркүндөтүп жаткандыгын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чара салтанаттуу жүрүш менен аяктады. Ошондой эле аскер кызматкерлери үчүн Куралдуу күчтөрдүн Борбордук аскер үйүнүн аткаруусундагы майрамдык концерти уюштурулду.
