super.kg logo

Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусундагы ирригациялык объектилердин абалы менен таанышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Ноокен жана Аксы райондорундагы ирригация тармагындагы жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Ноокен районундагы “Шайдан ветка” каналын, Аксы районундагы ХХII-Партсъезд каналын, Кербен шаарындагы Барпы каналын реаблитациялоо иштери жүрүүдө.

“Шайдан ветка” каналынын 448 метр аралыгын бетондоо жумуштары жүрүп жатат. Бул объекте жумуш аяктагандан кийин мындагы 50 пайызды түзгөн суунун жоготуусун кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ал эми ХХII-Партсъезд каналынын толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, суунун жоготуусун алдын алуу үчүн бир чакырым аралыкты бетондоого 15 миллион сом керектелет. Мындан тышкары, жалпы сметалык баасы 15 миллион сомду түзгөн, узундугу 4830 метр Барпы каналын реаблитациялоо үчүн керектүү каражат табууда маселе бар", - деп айтылат билдирүүдө.

Бакыт Төрөбаев жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине ирригациялык объектилерди реаблитациялоодогу сметалык баасын кайрадан карап чыгуу тапшырмасын бергени кошумчаланды.

Ошондой эле аларды облустук жана райондук өнүктүрүү фонддордон каржылоо сунушталып, кошумча каражат республикалык бюджеттен берилээри айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: