super.kg logo

Нурланбек Шакиев КМШ ПААнын 55-пленардык отурумуна катышты

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 55-пленардык отурумуна катышты.

Парламенттин маалымат кызматынан билдиргендей, 14-апрелде өткөн отурумду КМШ ПААнын кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко ачып, андан соң ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттик делегацияларынын башчылары, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү жана ардактуу коноктор сөз сүйлөштү.

Өз кезегинде Нурланбек Шакиев “Экология жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу” темасында баяндама жасады.

Парламенттер аралык ассамблеянын алкагында каралып жаткан экология темасы учурдун негизги маселеси экенин белгилеген төрага мындан сырткары, Кыргызстандын алдында да өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, жаратылыш ресурстарын жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча олуттуу милдеттер турарын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: