Ошто аз камсыз 320 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды



Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Ош шаарына иш сапары менен барып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен өткөрүлгөн жыйынга катышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында Министрлер кабинетинин “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндөгү” токтому менен чегерилген 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Тагыраагы, кайтарымсыз негизде берилип жаткан социалдык жардамды 68 үй-бүлө алды.
"Ушундай эле көмөк Алай районундагы 252 үй-бүлөгө берилди. Көрсөтүлүп жаткан жардамдар тоолуу аймактагы калк турмушун жакшыртууга өбөлгө түзөрүн белгилеген Шарапаткан Мажитова, ар үй бүлөгө ийгиликтерди каалады. Андан тышкары, депутат жергиликтүү айымдар тарабынан жасалган буюм-тайымдардын жана улуттук тамак-аштардын көргөзмөсүнө күбөл болду", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, сертификаттарды тапшыруу аземдерине Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова менен жергиликтүү бийлик жетекчилери да катышты.

