super.kg logo

Япониянын өлкө башчысы сүйлөп жаткан учурда жардыруу болду (видео)

 

Бүгүн, 15-апрелде Япониянын премьер-министри Фумио Кисида эл алдында сүйлөп жаткан жерде жардыруу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жардыруу Вакаяма шаарында болгон.

"Жарылгыч зат өкмөт башчынын аталган шаардагы Сайгасаки балык уулоо портун текшерип бүтүп, эл алдында сүйлөй турган учурунда жарылган. Фумио Кисида полициянын башкы кеңсесине эвакуацияланды. Мындан улам иш-чара жылдырылды.

Полиция жардыргыч затты ыргыткан адамды дароо кармаган", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле премьер-министр эл алдында сүйлөп жаткан учурда ал тарапка цилиндр түрүндөгү кара нерсе ыргытылганы, андан катуу үн угулганы айтылат.

Эске салсак, буга чейин Япониянын мурдагы өкмөт башчысы Синдзо Абэге да кол салуу жасалган. Ал мындан улам көз жумган. Саясатчыга Нара шаарында эл алдында сүйлөп жаткан учурда 41 жаштагы Тэцуя Ямагами тарабынан далысына эки жолу ок атылган.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: