Садыр Жапаров эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда жеңишке жеткен балбандарды куттуктады
Президент Садыр Жапаров Казакстанда болуп өткөн Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарыбызды да куттуктайм!
Жумашбек уулу Тайырбек Азия чемпиону болуп, Алмаз Сманбеков экинчи орунду алып, Орозобек Токтомамбетов менен Улукбек Жолдошбеков коло медаль жеңип алып, күйөрмандарын дагы бир жолу кубандырышты.
Бул азаматтарыбыз келечекте дагы көптөгөн жеңиштерге жетерине ишеничтер чоң.
Балбандарыбызды, Азия чемпионатында мыкты көрсөткүчкө жетишкен жалпы курама команданы дагы бир жолу куттуктап, машыктыруучуларга ыраазычылык билдирем.
Алдыда сиздерди күтүп турган ири мелдештерде, анын ичинде Париж-2024 олимпиадага даярдыктарда ийгиликтерди каалайм!", - деди мамлекет башчысы.

