super.kg logo

Ошто Навои сейил багынын жанындагы жашыл зонаны реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт

 

Ош шаарында Алишер Навои атындагы парктын жанындагы жашыл зонаны реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматта айтылгандай, АРИС программасынын алкагында жарандардын эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында аталган аймактагы тротуарлар, оргумалар, балдар аянтчаларын, амфитеатр сыяктуу бир топ объекттерди куруу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү каралган.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ферас бассейнинен А.Навои атындагы эс алуу багына чейинки аймакта жайгашкан жашыл зонаны реконструкциялоо долбоору менен таанышкан.

Учурда бул долбоордун алкагында тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо иштери аяктап, тендер өткөрүлгөндөн кийин курулуш иштери ушул жылдын июнь айында башталары кошумчаланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: