Бишкекте "Сайма-2023" кароо-сынак фестивалы өтүп жатат







Бишкекте "Сайма-2023" кароо-сынак фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-апрель күнү Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде "Кийиз Дүйнө" коомдук фонду тарабынан жана министрликтин колдоосу менен уюштурулган "Сайма - 2023" кароо-сынак фестивалы болуп өттү.
Аталган иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышып, фестивалдын уюштуруучуларын куттуктап, кыргыздын байыртан бери келе жаткан сайма өнөрүн аздектеген алдыңкы уз-чеберлерге "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин тапшырды. Ошондой эле ал уз-чеберлер менен сыймыктанарын айтып, кылып жаткан иш- аракеттерин дайыма колдоого аларын билдирген.
"Кийиз дүйнө" коомдук фондунун директору Айдай Асангулова министрликке ыраазычылык билдирип, фестивалдын максаты салттуу билимдин сап башында турган сайма өнөрүн кайрадан жандандыруу, баалуулугун арттыруу, бул өнөрдү алып жүргөн кол өнөрчүлөрдү шыктандыруу экенин билгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:20
2025-07-05
13:41
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.