super.kg logo
  Спорт  

Кечээ, 10-декабрда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 6-тур оюндары болду

 
"Байердин" конокто камсыздаган жеңиши аны УЕФАнын ЧЛсынын тайпалык баскычынан ийгиликтүү өтүүсүн камсыздады.
"Реалдын" биринчи голунун автору хорватиялык Лука Модрич топ талашуудагы кезектеги аракетин көрүүдө.
"Галатасарай"-"Ювентус" беттеши 31-мүнөттө самарлап жааган кардан улам токтотулду.
Орусиялык ЦСКА конокто жеңилип, УЕФАнын Евролигасынын жолдомосунан куру калды.
"Бавария"-"Манчестер Сити": оюн үй ээлеринин голу менен башталды.
"Виктория"-ЦСКА оюнунун чечүүчү мүнөттөрүнүн бири. Орусиялыктардын курамынан Алан Дзагоев кызыл айып кагазын алып, оюндан чыгарылды.
"Бавария"-"Манчестер Сити": Оюн коноктордун жеөиш голун кийирүүсү менен аяктаган.
Португалиялык "Бенфика" өз үйүндө франциялык ПСЖны утту. Бирок, тайпадан чыга алган жок.

Кечээ, 10-декабрда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын 6-турунда “А”, “В”, “С” жана “D” тайпаларында оюндар болуп өттү. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, бул оюндар менен плей-оффтогу командалар белгилүү болду.

“В” тайпасында Түркияда өткөн “Галатасарай”-“Ювентус” беттеши жааган кардын токтобогонунан улам калыстар тарабынан токтотулду. Бул беттеш бүгүн, 11-декабрда Бишкек сааты боюнча 18:00дө кайра ойнолот.

“А” тайпасы

“Манчестер Юнайтед” (Англия) – “Шахтёр” (Украина) – 1:0

“Реал Сосьедад” (Испания) – "Байер” (Германия) – 0:1 

“В” тайпасы

“Галатасарай” (Түркия) – “Ювентус” (Италия) (оюн аяктаган жок)

“Копенгаген” (Дания) – “Реал” (Испания) – 0:2 

“С” тайпасы

"Бенфика" (Португалия) - ПСЖ (Франция) – 2:1

"Олимпиакос" (Греция) – "Андерлехт" (Бельгия) – 3:1

“D” тайпасы

“Виктория” (Чехия) – ЦСКА (Орусия) – 2:1

“Бавария” (Германия) – “Манчестер Сити” (Англия) – 2:3






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.12.2013. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башкысы реал уттубу болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: