super.kg logo

ИИМ жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырды

 

Ички иштер министрлиги социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.

"Акыркы мезгилде социалдык тармактар аркылуу жарандардын кылмыштар жөнүндө жалган маалымат тараткан учурлары көбөйүүдө. Анын катарында жаш кыздын сабалган видеосу дагы бар. Аталган видео биздин өлкөдө эмес, башка мамлекеттин аймагында тартылган. Жарандарды коомчулукту ызы-чууга салган ар кандай жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга жана расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырабыз", - дешет министрликтен.

Кылмыш жөнүндө атайылап жалган маалымат жасоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренесине (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактарда жана Интернетте кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого, мүмкүн болгон фактылар боюнча "102" номери аркылуу ички иштер органдарына билдирүүгө чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: